Өзбекстан өкмөтү үстүбүздөгү жылдын 15-майында Ташкент облусунда “Чарвак” эркин туристтик аймагын уюштуруу боюнча чаралар жөнүндө (ЭТА)" Токтом кабыл алды.

Документте жалпы аянты 94,8 миң гектар түзгөн ЭТА аймагынын чектери, зонанын өнүгүү концепциясы жана анын аймагында жол транспорту, инженердик-техникалык, байланыш жана өнөр жай инфраструктураларын өнүктүрүү программасы көрсөтүлгөн. Муну Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.

2018-2019-жылдарга арналган концепцияда, чакан жана жеке ишкерликти өнүктүрүү үчүн өбөлгө, ошондой эле функционалдуу жана сезондук эс алуу объекттерин өнүктүүрүдө "аймактын өнүгүү тиреги" болоору, туристтик инфраструктуралардын заманбап объектилерин түзүү пландаштырылууда.

2021-жылга карата чет өлкөлүк туристтердин саны 2017-жылдын акырына карата болжолдоо 72 миңден 150 миңге чейин өсөрү жана туризм жана кызмат көрсөтүү экспорту 44,6 млн. доллардан 100 млн. долларга жогорулашы  пландаштырылып жатат.

Бүгүнкү күндө аймакта туристтерди тейлөө кызматтары менен камсыз кылуучу 120 организация бар. Бостанлык, Паркент жана Ахангаран аймактарында 162 конок үйлөрүн куруу боюнча иштер башталды.

ЭТА аймагында пляжда эс алуу, суу спортунун түрлөрү, саламаттыкты сактоо жана экстрималдуу (парапландар жана дельтапландар) туризм, гольф аянтчасы, оюн-зоок паркы (аквапарк) тоо-лыжа курортук борбору, жаңы кабелдик унаалар, супермаркет тармактары ачылат. Дүйнөлүк бренд болгон (Starbucks, Макдоналдс, Бургер Кинг, KFC) коомдук тамактануу пункттарын ачуу маселесин иштеп чыгуу пландаштырылып жатат.

 ЭТА аймагында, Азия оюндары сыяктуу эл аралык спорттук, ошондой эле, ар кандай маданий жана оюн-зоок иш-чараларды өткөрүү пландаштырылып жатат.