02.06.24

Ташкентте Өзбекстан жана Түркиянын компанияларынын катышуусунда “Өзбекстан-Түркия” бизнес форуму болуп өттү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Форум Түркиянын ишкерлеринен турган делегациянын Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында өттү. Иш-чаранын максаты эки өлкөнүн компанияларынын ортосундагы соода алакасын түзүүгө көмөктөшүү, жаңы биргелешкен ишканаларды түзүү жана жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин изилдөө болду.

Форумдун жүрүшүндө, эки өлкөнүн ишкерлеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө боюнча кызматташуу маселелери талкууланды.

Ошондой эле бул жолугушуу эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн келечеги боюнча кылдат пикир алмашуу үчүн жагымдуу мүмкүнчүлүк экени белгиленди.

Тараптар соода-экономикалык кызматташуу маселелерин талкуулашты. Анда эки мамлекеттин экономикалык жана инвестициялык потенциалы белгиленип, жаңы этаптагы кызматташуунун багыттары аныкталды.

Тараптар айыл чарба продукциясын өстүрүү жана кайра иштетүү, тамак-аш азыктарын сактоо, таңгактоо жана экспорттоо боюнча комплекстерди куруу, текстиль жана булгаары иштетүү өнөр жайында заманбап биргелешкен ишканаларды түзүү, даяр фирмалык продукцияны сатуу маселелерин талкуулашты. Пахта буласын жана булгаарыны биргелешип кайра иштетүү, фармацевтика тармагында жаңы долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу аркылуу тышкы рынокко чыгууну карашты.

Форумдун жүрүшүндө, Өзбекстан менен Түркиянын өз ара өнөктөштүккө умтулуусу эки өлкөнүн тарыхында келечек үчүн жасалган маанилүү кадам экени белгиленди.

Эскерте кетсек, Түркия Өзбекстандын маанилүү соода өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. 2016-жылы товар жүгүртүү 1,2 миллиард долларды түзүп, өз ара сооданын көрсөткүчтөрү 29% пайызга өскөн.

Өзбекстанда 500 жакын Түркиялык фирмалар иштейт. Быйылкы жылы эле Өзбекстанда Түркиянын инвестициясынын катышуусунда 20 ашык ишкана уюштурулуп, 53 компаниянын өкүлчүлүгү аккредитациядан өткөн.

https://kongress-servis.uz/zh/news/uzbeksko-tureckij-biznes-forum-proshl-v-tashkente