- Подробности
17.05.22
Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинде 16-май күнү, Азербайжандын Азык-түлүк коопсуздугу агенттигинин төрагасы Тахмазли Гошгар баштаган делагация мүчөлөрү менен жолугушуу болуп өттү. Бул тууралуу, Өзбекстандын Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
25.04.22
Өзбекстанда «INNOPROM Борбордук Азия» көргөзмөсү 25-27-апрель күндөрү өткөрүлөт. Көргөзмө профессионалдык баарлашуу, бир аянтчага ар түрдүү тармактардагы ири жана жогорку деңгээлдеги инвесторлорду чогултат.
- Подробности
12.04.22
Азербайжан жана Өзбекстан өз аймактарында темир жол аркылуу ташылган жүктөрдүн көлөмүн көбөйтүү маселесин талкуулашты.
- Подробности
12.04.22
Өзбекстан Фергана өрөөнүндө Анжиян, Наманган жана Фергана облустары үчүн бирдиктүү эл аралык аэропорт куруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу, Өзбекстандын президентинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
30.03.22
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын 29-март күнү Өзбекстанга болгон иш сапарынын алкагында, Ташкент облусунда заманбап жылуулук борборунун (ТЭЦ) ишке киргизүү аземи жана Сырдарыя облусунда ушундай эле жылуулук борборунун курулушунун баштоо аземине катышышты. Долбоорлорду Түркиянын “Cengiz Enerji” компаниясы ишке ашырууда.
- Подробности
30.03.22
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин чакыруусу менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган жубайы менен Ташкентке 29-мартта расмий иш сапар менен барды. Өзбекстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, аларды Ташкенттин эл аралык аэропортунан Өзбекстандын президенти жубайы менен тосуп алды.
- Подробности
29.03.22
Өзбекстан өткөн аптада, Трансафган темир жолунун курулушун баштады. Бул тууралуу, Пакистандын “The News International” басылмасы жазып чыкты.
- Подробности
28.03.22
Ташкент шаарында болуп өткөн эл аралык инвестициялык форумунун жыйынтыгында 7,8 миллиард долларлык келишимдерге кол коюлганын, жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты. Өзбекстандын борборунда алгачкы Ташкент эл аралык инвестициялык форуму (TMIF) ишин аяктады. Иш-чара дүйнөнүн 56 өлкөсүнөн 2 миңден ашык катышуучуларды, ири инвесторлор жана жогорку даражалуу коноктордун башын бириктирди.
- Подробности
23.02.22.
Татарстандын президенти Рустам Минниханов Өзбекстанга жумушчу иш сапары менен келди. Бул тууралуу, Өзбекстандын Инвестициялар жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
- Подробности
24.03.22
Өзбекстан Грузия, Азербайжан жана Түркмөнстан менен алардын деңиз порттору аркылуу жүктөрүн ташууга жеңилдиктерди берүү боюнча макулдашканын, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министринин биринчи орун басары Азиз Воитов билдирди. Анын айтымында, бир күн мурда болгон жыйында президент экспорттоочу ишканалардын транспорттук чыгымдарын мындан ары кыскартуу боюнча тапшырмаларды берген.