27.04.19.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Хуаңхай – Борбордук Азия – Европа маршурту боюнча темир жол жүк ташууларына бажы салыгын киргизүүнү сунуштады.

25.04.2019.

Россиялык “Лукойл” компаниясы учурда иштеп жаткан долбоорлорду өнүктүрүү үчүн дагы 2 миллиард доллар инвестиция жасоону пландап жатат.

22-апрель күнү GM Uzbekistan ишканасы, Кыргызстанга автоунаа экспорттоону  баштаганын билдирди.

19-апрелде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев жана Корея Республикасынын президенти Мун Чжэ Ин эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык өнөктөштүк боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Бул жөнүндө мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

17.04.19.

Ушул жылдын алгачкы үч айында Өзбекстанга барган чет элдик туристтердин саны 42%пайызга өсүп, 1,38 миллион адамды түзгөн.

15.04.19.

2019-жылы Өзбекстан Республикасы Ислам кызматташтык уюмуна (ИМО) мүчө өлкөлөрдүн арасынан, мусулман туристтери үчүн эң жагымдуу, он өлкөнүн  тизмесине киргизилди.

08.04.19.

Өзбекстан Кытайдын жеңилдетилген насыясынын эсебинен Самарканд облусунда Даргом каналына, эки кичи өлчөмдөгү гидро электр станциясын курууну пландап жатат.

02.04.19.

Өзбекстандын  Борбордук банкынын маалыматы боюнча, Россияда иштеген жумушчулар 2018-жылы $3,963 млрд, доллар өлчөмүндө акча каражатын өз өлкөсүнө которушкан.

  26.03.19.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Абу-Даби эмиратынын (Бириккен Араб Эмирлиги) ханзаадасы Шейх Мухаммед бин Заид Ел Нахянын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө $ 10 млрд. долларлык келишимге кол коюулду.

03.25.19.

Өзбекстанда курулуучу фотоэлектр станциясын  каржылоо, куруу  жана пайдалануу боюнча биринчи глобалдык  долбоор  кызыгууну жаратып,  ага  23 компания катышканын   Өзбекстандагы  Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгү билдирди.