16.12.19

Тажикстандын Душанбе шаарында, тажик өкмөтү, Тажикстандын “Авесто групп” жана Өзбекстандын  “Artel Engineering and Management” компаниялары жаңы инвестициялык келишимге кол коюшкан.

Макулдашууга ылайык, эки компания биргелешип  “Артел Авесто Электроникс” аттуу үй тиричилигинде колдонулуучу техникалык буюмдарды  өндүрүү боюнча ишкана куруу болуп саналат. Бул туралуу “Avesta” кабар агенттиги жазып чыкты.

Жаны курула турган ишканадагы эки компаниянын үлүштөрү 50 пайыздан турат.  

Коммерциялык планга ылайык тиричилик техникаларын  эки этапта өндүрүү пландаштырылууда. Биринчи этапта, чаң соргучтар жана суу жылытуучу аристон өндүрүү ишке ашырылат. Ал эми экинчи этапта, телевизор жана кир жуугуч машиналарды чыгаруу каралган.

Инвестициянын жалпы көлөмү $10 миллион долларды түзөт. Ишкана ишке киргизилгенде 175 жумушчу оруну түзүлөт. Келечекте биргелешкен ишкананын продукцияларын Афганстанга экспорттоо да пландалууда.

Эскерте кетсек, Өзбекстандын “Artel” ишканасынын продукциялары Тажикстандын базарларында бир нече жылдан бери сатылып келет. Ал өндүргөн товарлар, жергиликтүү кардарларга таанымал болуп калган. 

http://kant.kg/2019-12-17/v-dushanbe-nachnut-proizvodit-produkcziyu-uzbekskoj-kompanii-artel/