22.01.2020

Тажикстандын тышкы соода жүгүртүүсү өткөн 2018-жылга салыштырмалуу, 2019-жылы 7,1% пайызга өсүп 4,52 миллиард долларга жеткен. Бул тууралуу, “Avesta.Tj” маалымат агенттиги жазып чыкты.

Тажикстандын Экономикалык өнүгүү соода жана экспорт министирлигинин берген маалыматында, 2019-жылы экспорт 1,2 миллиард доллар, ал эми импорт 3,3 миллиард доллар болгон.  Импорт экспорттон салыштырмалуу 2,8% пайызга көптүк кылган.

Эскерте кетсек, Тажикстан өткөн жылы дүйнөнүн 105 мамлекети менен соода алакаларын жасаган.  Өлкөнүн негизги соода өнөктөшү катары Россия (эки тараптуу соода жүгүртүү 1 миллиард доллардан ашкан) Казакстан (957,5 миллион доллар), Кытай (660,9 миллион доллар).

 

https://www.aa.com.tr/ru/% %D0%B6%D0%B8%D0%BA%D0%B8%D1%81%D1%82%D0%B0%D0%BD%D0%