CA-NEWS (UZ) - Тажикстан жана Өзбекстан талаштуу чек ара маселелери боюнча сүйлөшүүлөрдү улантарын тажик телеграф агенттиги (TaжикTA) билдирди.  Тажикстан жана Өзбекстандын эки өлкө ортосундагы чек араны тактоо жана аныктоо боюнча  мамлекеттик комиссиясы иш жүзүндө беш жыл мурда үзгүлтүккө учураган ишти кайрадан улантат.

Тажикстан Өзбекстан менен чек ара маселелерин чечүү үчүн жаңы комиссия түздү, - деп Тажик Республикасынын өкмөттүк булагы кабарлады.

Маалыматка ылайык, тажик өкмөтүнүн комиссиясынын жаңы курамын премьер-министр Кохир Расулзода жетектейт. Ошондой эле, курамда вице-премьер Азим Иброхим, юстиция министри Русам Шохмурод, тышкы иштер министри Сирожиддин Аслов жана башка мамлекеттик кызматкерлер бар. Тизмеде жалпы 19 адам көрсөтүлгөн.

Тажикстандын геодезия жана жер ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик комиссиясынын маалыматына ылайык, тажик-өзбек чек арасынын узундугу 1332 км түзөт. Жалпы узундугунун 1227 км кургактык, ал эми 105 км дарыя менен чектелет. Чек араны тактоо жана аныктоо тууралуу келишимге макулдашылган, кол коюлуп  ратификацияланган жалпы чек аранын узундугу 1240 км тегерегинде.

Геодезия жана жер ресурстарын башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Ражаббой Ахмадзода ушул жылдын жайында журналисттерге: “Тажик-өзбек чек арасынын болжол менен 93 км талаштуу бойдон калууда, бул талаш жакын арада чечилет,” - деп белгиледи.