21.04.20

Тажикстандын Душанбе шаарында, Кытайга тиешелүү “COFCO Engineering & Technology Co., Ltd” компаниясы тарабынан жанылоодон өтүп жаткан, "Комбинат Орди Душанбе" ири ун комбинаты иштеп баштамакчы. Бул тууралуу, Тажик Телеграф Агенттиги (ТажикТА) жазып чыкты.

Тажикстан Республиканын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлиги тараткан маалыматта, “Комбинат Орди Душанбе" ун чыгаруучу кобинатында учурда, реконструкциялоо жана жаңы жаңы жабдууларды орнотуу иштери аяктап калдыгы кабарланган.

Эл аралык стандарттарга жооп берген жогорку сапаттагы продукцияны өндүрүү максатында, ири технологиялык жабдууларды өндүрүүчү кытайлык “COFCO Engineering & Technology Co., Ltd” компаниясы менен Тажикстандын өкмөтү кызматташтыкты орноткон болучу.

Азыркы учурда, жаңы жабдыктар толугу менен орнотулгандыгы белгиленип, эми алардын программалоо иштери бүтөөрү менен  ун өндүрүү башталмакчы.

Тажикстан Республиканын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министрлигинин маалыматы боюнча, “Комбинат Орди Душанбе" ун чыгаруучу комбинатынын өндүрүштүк кубаттуулугу күнүнө 400 тонна буудайды кайра иштетип, унга айлантууга жөндөмдүү болот. Ун чыгаруучу комбинат ишке киргизилгенден кийин, баштапкы баскычта 100 адам иш менен камсыз болот деп күтүлүүдө.

Учурда Тажикстан ун менен буудайды  Казакстандан импорттоп келет. Расмий статистика боюнча, ушул жылдын биринчи кварталында өлкөдө биринчи сорттогу буудай унунун баасы 4,1% пайызга жогорулаган. Учурда борбор калаанын базарларында 50 кг биринчи сорттогу ундун баасы 250 сомони (24 доллар) турат.

https://tajikta.tj/ru/news/v-dushanbe-posle-modernizatsii-zarabotaet-krupnoe-mukomolnoe-predpriyatie