Тажикстанга келген жалпы чет элдик салымдардын 50% га жакыны (47,3%) Кытайга таандык. Бул тууралуу Дүйнөлүк банктын Тажикстан боюнча жасаган экономикалык докладында "Туруктуу экономикалык өсүшкө карабай жогорулаган алсыздык"-деп белгиленет.

Документке ылайык, 2017-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлүк түз салымдын (ЧТИ) агымы олуттуу түрдө төмөндөгөн жана ИДП нын болгону 1,9%ын  түзгөн. 2016-жылдын ушул эле мезгилиндеги ЧТИ нин үлүшү ИДПга карата 6,3% болгон.

Банктын аналитиктеринин пикири боюнча, чет элдик салымдардын дээрлик жарымы тоо-кен казып алуу тармагына багытталган, ал эми андан кийнки орунда транспорт жана өндүрүш турат.

Чет элдик салымдардын болжол менен 80%  Кытайдан (47,3%) жана Россиядан (31,3%)  келген. Үчүнчү ири салым агымы Швейцариядан (6.8%) келген. Жапон өкмөтү жакында Дүйшөмбү шаарынын аэропортунун жүк терминалын куруу үчүн болжол менен $ 200 млн менен камсыздай турганын жарыялады. Бул чет өлкөлүк инвестициянын түз жана тармактык курамынын базасын түрлөнтүүгө мүмкүндүк берет.