CA-NEWS (TJ) - Жакынкы келечекте, калктын алтын кенин казуусу жана изилдөөсү мамлекет тарабынан закондоштурулат. Бул тууралуу журналистерге Таджикистан Өкмөтүнө караштуу геология башкармалыгынын жетекчиси Заробиддин Файзуллозода билдирди.

Анын айтымында, өлкөнүн каржы министрлиги, Тажик Өкмөтүнүн токтому боюнча түпкү алтынды казып алууга уруксат берүү абалы жөнүндө долбоорун даярдады. Бул документти иштеп чыгууда Тажик Геология өкүлдөрү да катышты. Жакын арада долбоор Өкмөттүн кароосуна өткөрүлөт.

Кабыл алынгандан кийин, жарандар, республиканын дарыяларынын жээктеринде жайгашкан чачкын алтынды эркин, жөнөкөйлөтүлгөн ыкма менен казып алуу менен алектенүүгө мүмкүн болот деп билдирти Авеста.

Буга чейин айтылгандай, бул чечим менен, жарандар ар башка компаниялардын карамагына кирбеген аймактарда алтын кенин эркин каза алышат. Иш жүргүзүү үчүн мамлекеттин Каржы министрлигинен уруксат алуу керек. Казылып алынган алтынды мамлекеттик каржы мекемелерине сатууга мүмкүн болот. Металлдын баасы Каржы министрлиги тарабынан аныкталат.