15.10.21

Тажикстандын борбору Душанбе шаарында 14-октябрь күнү, “Душанбе-Инвест-2021” эл аралык инвестициялык форуму болуп өттү.

Иш-чарага 400гө жакын чет элдик ишкерлер катышты. Ошондой эле, мамлекетке караштуу субъектилердин өкүлдөрү, ишкерлер жана инвесторлордун ортосунда суммасы 5 миллиард сомонини (441,5 миллион долларга жакын) түзгөн келишимдерге кол коюлду. Бул тууралуу “Ховар” маалымат агенттиги билдирди.

Тиешелүү келишимдердин көпчүлүк бөлүгү биргелешкен өнөр жай ишканаларын түзүүгө негизделген. Ал эми, форумдан кийин  өзүнчө панель уюштурулуп, мында индустриалдаштыруу, транспортту санариптештирүү, энергетика тармагына инвестиция тартуу, туризм, Тажикстандын өндүрүшүнөн чыккан товарларды экспорттоо маселелери талкууланды.

Форумдун жүрүшүндө “B2B” форматындагы жолугушуулар, “Тажикстан-2021” эл аралык көргөзмөсү болуп өттү.

Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали инвестициялык форум өлкөнүн инвестициялык климатын жакшыртууга, жергиликтүү жана чет өлкөлүк ишкерлер жана инвесторлор менен кызматташууну кеңейтүүгө багытталганын белгиледи. Ошондой эле ал президент Эмомали Рахмондун аракети менен буга чейин өлкөдө миңдеген жаңы жумуш орундары түзүлгөнүн баса белгилеп өттү.

https://centralasia.news/11788-na-investforume-v-dushanbe-podpisany-dokumenty-na-441-mln.html