26.10.21

Тажикстандын электр энергетика башкармалыгынын билдирүүсүнө караганда, 2021-жылдын январь-сентябрь айларында, Тажикстан коңшу өлкөлөрү Афганистан жана Өзбекстанга электр энергиясынын экспортунун көлөмү 89,4 миллион долларга өскөн.

Бул көрсөткүч, Тажикстандын эки коңшу өлкөгө болгон электр энергиясынын экспортунун өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 67,7 пайызга өскөнүн көрсөттү. Билдирүүгө ылайык, өлкөдө 2021-жылдын январь-сентябрь айларында, жалпы электр энергиясын өндүрүү 7,4 пайызга өсүп, 15,9 миллиард киловатт-саатты түздү. Тажикстан быйыл Афганистан жана Өзбекстанга жалпысынан 3 миллиард киловатт-саат электр энергиясын сатууга макул болгонун жарыялаган. Учурда Тажикстандын дарыяларындагы суунун көлөмү азайгандыгына байланыштуу октябрь айынан тарта коңшу өлкөлөргө электр энергиясын экспорттоону убактылуу токтотту. Тажикстан 2019-жылы коңшу өлкөлөргө 91,3 миллион долларга бааланган электр энергиясын саткан болучу.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/tacikistan-9-aylik-donemde-afganistan-ve-ozbekistana-elektrik-ihracatini-yuzde/6177dba101a30ab5d414d079