02.12.21

Үстүбүздөгү жылдын он айында, Тажикстандын КМШ өлкөлөрү менен болгон  соодасынын көлөмү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 26,4% пайызга өстү.

Өлкөнүн Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигинин маалыматы боюнча, Тажикстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ортосундагы жалпы товар жүгүртүү 2,4 миллиард доллардан ашкан, башкача айтканда, өлкөнүн жалпы соода жүгүртүүсүнүн 47,9% пайызы КМШ өлкөлөрүнө туура келген. Товар жүгүртүү Түркмөнстан менен 2,4 % пайыз, Казакстан 31,2% пайыз, Өзбекстан менен 29,9% пайызга жогорулаган. Тажикстандын статистика агенттигинин маалыматы боюнча, КМШ өлкөлөрү менен негизги соода өнөктөштөрү Россия, Казакстан жана Өзбекстан болгон. Үстүбүздөгү жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча, Россия менен  товар жүгүртүүнүн көлөмү 1 миллиард доллар, Казакстан менен 936,4 миллион  доллар, Өзбекстан менен 354 миллион доллардан ашкан. КМШ өлкөлөрү менен соода балансы төмөн, ал эми товарлардын импорту экспорттук көрсөткүчтөн дээрлик 5 эсеге жогору болгон. Бул өлкөлөргө жалпысынан 433,7 миллион доллардан ашык товар экспорттолсо, импорт дээрлик 2 миллиард долларды түздү.

https://centralasia.media/news:1747722