13.12.21

Тажикстандын Түркиядагы элчиси Ашраф Гулов жана Түркиянын Соода министри Мехмет Муш эки өлкөнүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү перспективаларын Анкарадагы өткөн  жолугушууда талкуулашты. Бул тууралуу “Авеста” маалымат агенттиги билдирди.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда тараптар соода-экономикалык, анын ичинде экономикалык кызматташуу боюнча эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын алкагында, учурдагы кырдаал жана соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашуу болду.

Аталган жолугушууда, тараптар экономикалык кызматташтык боюнча эки өлкөнүн өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынында кабыл алынган биргелешкен иш аракеттердин планын ишке ашыруунун  учурдагы абалын жана мындан аркы кадамдарын талкуулашты.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык, инвестиция, банк, айыл чарба, энергетика, өнөр жай, курулуш жана архитектура, транспорт, жарандык авиация, байланыш, туризм, айлана-чөйрөнү коргоо, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана илим, маданият эмгек жана социалдык коргоо, стандартташтыруу, спорт жана жаштар саясаты чөйрөлөрүндө кызматташууну чыңдоого байланыштуу маселелерди талкуулашты.

Статистикалык маалыматтарга ылайык, быйылкы жылдын он айында, эки өлкөнүн соода жүгүртүүсү 314 миллион долларды түздү. Анын ичинде 185 миллион доллардан ашыгы Тажикстандын товарларынын экспортунун үлүшүнө туура келет.

https://kabar.kg/news/tadzhikistan-i-turtciia-obsudili-razvitie-ekonomicheskogo-sotrudnichestva/