14.12.21

Тажикстандын тышкы соода жүгүртүүсүнүн көлөмү үстүбүздөгү жылдын 11 айында 5 миллиард 509,6 миллион долларды түздү. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 33,4% пайызга көп. Бул тууралуу “Авеста” маалымат агенттиги билдирди.

Тажикстандын Экономикалык өнүктүрүү жана соода министрлиги билдиргендей, өлкөгө болгон товарлардын импорту 3 миллиард 705,6 миллион долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 32% пайызга (898, 7 миллион долларга) көп.

Учурда өлкөдөн 1,8 миллиард долларга жакын продукция экспорттолду, бул 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36,4% пайызга (481, 5 миллион долларга) көп болду.

Тажикстандын негизги соода өнөктөштөрүнүн катарында Россия (1 миллиард 132,3 миллион доллар), Казакстан  (1 миллиард 39,1 миллион доллар),  Кытай (769, 9 миллион доллар) жана Швейцария  (726, 4 миллион доллар) турат.

Ал эми аталган өлкөлөр менен болгон соодада эң жогорку өсүш өткөн жылга салыштырмалуу 1,8 эсе өсүү менен Кытай алдыңкы орунду ээлеген.

https://kabar.kg/news/ob-em-vneshnetorgovogo-oborota-tadzhikistana-uvelichilsia-na-tret/