05.01.22

Өткөн 2021-жылы Тажикстандын улуттук экономикасынын түрдүү тармактарына 6,8 миллиард сомониден (601,7 миллион доллар) ашык чет элдик капитал тартылганын Авеста маалымат агенттиги билдирди.

Тажикстандын экономика тармагына жооп берген  органдарынын билдиришинче бул сумманын 2,5 миллиард сомони  акча каражаты түз чет элдик инвестициялар болуп эсептелет.

Маалыматка ылайык, тиешелүү ведомстволорго чет элдик түз инвестицияларды, өзгөчө кайра иштетүү тармагына тартууну кеңейтүү боюнча чараларды көрүү тапшырмасы берилди.

Тактап айтканда, жакынкы 5 жылда ички дүң продукцияга карата түз инвестициянын көлөмүн 10% пайызга жеткирүү пландалууда.

Учурда өлкөдө 42 миллиард сомониден ашык (3,7 миллиард доллар) 82 мамлекеттик инвестициялык долбоорлор ишке ашырылууда.

https://kabar.kg/news/v-2021-godu-v-ekonomiku-tadzhikistana-privlecheno-svyshe-601-mln-zarubezhnykh-investitcii/