07.01.22

Түркмөнстан жана Тажикстандын ортосундагы соода жүгүртүүнүн жалпы темпи 2,5 эсеге жогорулаган. Бул тууралуу Тажикстандын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги маалымдады. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен салыштырмалуу түрдө бул эң жакшы көрсөткүч. Бул тууралуу “Туркменистан: золотой век” мамлекеттик маалымат агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн жылы Тажикстандын КМШ өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү бир топ жогорулаган. Атап айтканда, коңшу өлкөлөрдөн Өзбекстан менен соода жүгүртүү 32% пайызга,  ал эми Казакстан менен 30,6% пайызга өскөн.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов жана Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон август айында болуп өткөн сүйлөшүүдө негизинен соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана кеңейтүү маселелери менен катар, биргелешкен кызматташтыктын келечеги жана потенциалын талкуулашкан.

Түркмөнстандын өлкө башчысы Гурбангулы Бердымухамедов, Тажикстан менен отун-энергетика комплекси, курулуш жана химия өнөр жайы, тамак-аш, текстиль, фармацевтика өнөр жайы, айыл чарба продукцияларын соодалоо жаатында кызматташууну олуттуу түрдө кеңейтүүгө даяр экендигин белгиледи.

Эскерте кетсек, мындан тышкары,  өз ара өнөктөштүктү кеңейтүүнү ишке ашыруунун алкагында өткөн жылы каржы-экономикалык, соода-өндүрүштүк тармактарда бир катар өкмөттөр аралык документтерге кол коюлган.

https://centralasia.news/13149-tovarooborot-mezhdu-turkmenistanom-i-tadzhikistanom-vyros-v-25-raza.html