01.24.22

Тажикстандын өкмөтү өз токтому менен Өзбекстандын өкмөтү менен өнөр жай жана жаңы технологиялар тармагында кызматташуу боюнча макулдашууну бекитип, аны ишке ашыруу боюнча зарыл чараларды көрүүнү тиешелүү органдарына тапшырды. Бул тууралуу “Азия Плюс” агенттиги билдирди.

Токтомдо Өзбекстан тарапка макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Тажикстан тарабынан аткарылганы тууралуу кабарлоо тапшырылган.

Аталган токтомдо жеңил өнөр-жайы, тамак-аш, химия, курулуш, тоо-кен, энергетика жана машина куруу тармактарында кызматташуу каралган.

Ошондой эле эки өлкөнүн өнөр жай продукцияларынын жарманкелерин жана көргөзмөлөрүн, ишкерлердин форумдарын уюштуруу пландаштырылууда.

Тараптар келечекте, өнөр жай продукциясын өндүрүүдө инновациялык технологияларды колдонуу менен кызматташууну өнүктүрүү боюнча чараларды көрүшмөкчү.

Эскерте кетсек, былтыр жайында Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин иш сапарынын алкагында, эки өлкөнүн өкмөттөрү Тажикстандагы биргелешкен долбоорлорду каржылоо үчүн Дүйшөмбү шаарында юридикалык дареги бар биргелешкен инвестициялык компания түзүү тууралуу келишимге кол коюшкан.

“Тажикстан-Өзбекстан инвестициялык компаниясынын” уставдык капиталы 12 миллион доллары өлчөмүндө болуусу пландаштырылган.

Компаниянын негиздөөчүлөрү 75% пайыз үлүшү менен Өзбекстандын “Реконструкциялоо жана өнүктүрүү” фонду жана уставдык капиталдагы 25% пайыз үлүшү менен “Тажинвест” мамлекеттик ишканасы болмокчу.

https://kabar.kg/news/tadzhikistan-i-uzbekistan-dogovorilis-o-sovmestnoi-realizatcii-proektov-vo-vsekh-sektorakh-promyshlennost/