02.02.22

Тажикстандын Түркиядагы элчиси Ашрафжон Гулов 1-февраль күнү Түркиянын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо департаментинин. (KOSGEB) президенти Хассан Басри Курт менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Көрүшмөдө биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселеси каралды. Бул тууралуу, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Жолугушууда тараптар, Тажикстан менен Түркиянын экономикалык кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-жыйынында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу боюнча учурдагы кырдаал жана мындан аркы кадамдар тууралуу пикир алмашышты. Тараптар Тажикстанда эки өлкөнүн чакан жана орто бизнесин каржылоо үчүн биргелешкен инвестициялык фондду түзүү боюнча макулдашууну талкуулашты. Буга чейин, Тажикстанда 2022-2026-жылдар өнөр жайды өнүктүрүү жылы деп жарыяланган.

Тараптар Экономикалык кызматташтык боюнча, Тажикстан-Түркия өкмөттөр аралык комиссиясынын 11-отурумунун алкагында кол коюлган, Тажикстандын Инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен Түркиянын Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү жана колдоо департаментинин (KOSGEB) ортосундагы кызматташуу жөнүндө меморандумдун негизинде, иш-чаралардын планын иштеп чыгуу макулдашылды.

Эскерте кетсек, Тажикстан менен Түркиянын эки тараптуу соода жүгүртүүсү 2021-жылы 390,5 миллион долларды түзгөн. Эки өлкө 1992-жылдын 29-январь күнү дипломатиялык алака түзгөн. 30 жылдын ичинде, Тажикстан менен Түркиянын ортосунда түрдүү тармактарда 70 ашык эки тараптуу келишимдерге кол коюлган.

https://centralasia.media/news:1760203