07.02.22

Тажикстан суюлтулган газды буга чейин негизинен Россия жана Казакстандан импорттоп келген болсо, эми алардын катарына Түркмөнстан дагы кошулат.

Бул тууралуу, 1-февраль күнү Тажикстандын энергетика жана суу ресурстары министри Далер Жума билдиргенин, Түркмөнстандын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Жакында эле мамлекеттер эки тараптуу келишим түзүшкөн болучу. Ага ылайык, Тажикстан лимитсиз өзүн толук камсыздай турган өлчөмдө суюлтулган газды Түркмөнстандан сатып алат. Энергетика министри Далер Жума ошондой эле 2021-жылы Тажикстан  5 миң тонна Түркмөнстандын суюлтулган газын сатып алганын билдирген. Жалпысынан Тажикстан сырттан 410 миң тонна күйүүчү май ташып келсе, анын 360 миң тоннасы Казакстандан ташылган. Суюлтулган газдын калган бөлүгү Орусиядан келген.

https://centralasia.media/news:1761082