14.02.22

“Барки Тажик” (Тажикстан электр) мамлекеттик ишканасынын башкы директору Махмадумар Асазаде маалымат жыйынында, коңшу Өзбекстанга быйыл экспорттой турган электр энергиясы боюнча келишимге кол коюлганын билдирди.

Махмадумар Асазаде бул жагдайда тараптар, Тажикстан Өзбекстанга жайкысын 1 миллиард 400 миллион киловатт-саат электр энергиясын сатаарын, Өзбекстан болсо 1 киловатт-саат электр энергиясы үчүн 2 центтен төлөй турганын белгиледи.

Махмадумар Асазаде ошондой эле электр энергиясынын арзан баада сатылышын, Өзбекстан Тажикстандын Жылуулук энергетикалык борборуна (ТЭЦ) арзан баада бере турган жаратылыш газынын тарифине байланыштуу экенин билдирди.

Былтыр 2021-жылы Тажикстан 20,6 миллиард киловатт саат электр энергиясын өндүргөн. Анын 1,1 миллиард киловатт саат электр энергиясы, Өзбекстанга сатылып андан 23 миллион доллар киреше тапкан.

Эскерте кетсек, Тажикстан жай айларында өндүрүлгөн электр энергиясын коңшу Афганистан менен Өзбекстанга экспорттойт.

https://www.trtavaz.com.tr/haber/tur/avrasyadan/tacikistan-2022de-ozbekistana-1-4-milyar-kilovatsaat-elektrik-satacak/620a7bc701a30a11ecd5ca53