CA-NEWS (TJ) - Тажик алюминий заводу жаңы биргелешкен тажик-кытай алюминий ишканасынын курулушуна байланыштуу эки жылга ишин токтотот. Бул тууралуу 1-март күнү ТАЛКО маалыматтык-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы Игорь Саттаров билдирди.

Анын айтымында, Тажикстан жана КЭР башчыларынын тапшырмасы боюнча жүргүзүлүп жаткан жаңы заводдун курулушу боюнча сүйлөшүүлөр аягына жакындап калды.

Өткөн жылдын август айынын аягында Тажик Президенти Эмомали Рахмондун Кытайга иш сапарынын жүрүшүндө Yunnan компаниясы менен ТАЛКОнун жаңы алюминий заводунун курулушу боюнча макулдашууга жетишилген. Белгилүү болгодой, бул жаңы алюминий ишканасынын өндүрүштүк кубаттуулугу жылына 503 миң тонна алгачкы алюминий болот. Ошондой эле анын түзүмүнө литейдик (800 миң т/ж.)  жана аноддук (300 миң. т/ж) өндүрүш кирмекчи.

Курулуш  1,6 млрд долларга бааланып, бүтүү мөөнөтү - бир жыл сегиз ай деп болжолдонууда. "Тараптардын канча акча бөлөрүн мен айталбайм. Бул - коммерциялык сыр ", - деп Игорь Саттаров билдирди. Анын айтымында, жаңы заводдун курулушу 1,1 миң жумуш орундарын түзүп Тажикстандагы азыркы кырдаал менен жогорку эмгек акысы төлөнмөкчү.

Мамлекеттик унитардык "Тажик алюминий компаниясы" (TALCO) ишканасы 2007-жылы Тажик алюминий заводунун (ТадАЗ) мураскери катары катталган. Завод Тажикстан негизги экспорттук өндүрүүчүсү болуп эсептелет.