01.06.22

Тажикстандын борбору Душанбе шаарына Башкыртстан Республикасынын министрликтеринин жана экспортко багытталган 17 компаниянын өкүлдөрүнөн турган делегация келди.

Алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жана ишкерлер менен көрүшүп, “B2B” форматындагы жолугушууларды өткөрүштү. Бул тууралуу, Башкыртстандын Тышкы экономикалык байланыштар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жогорудагы компаниялар, Тажикстан тарап менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экени айтылды. Ишкерлер Башкыртстандын экспорттоочуларынын Тажикстандын рыногуна чыгуу маселелерин, атап айтканда, заманбап сатуу каналдарын жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн рыногуна продукцияны алып чыгуунун өзгөчөлүктөрүн талкуулашты.

Көрүшмөнүн алкагында, Башкортостандын вице-премьер-министри Илшат Фазрахманов Тажикстандын Айыл чарба министри Саади Каримзода менен жолугушту. Алар кызматташтыктын келечегин, ошондой эле асыл тукум канаттууларды жеткирүү жана жашылча-жемиштерди сатып алуу боюнча мүмкүн болгон биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Ошондой эле делегация мүчөлөрү Тажикстандын Хатлон облусунда болуп, бир катар агроөнөр жай ишканаларынын иши менен таанышып чыгышты.

https://centralasia.news/15510-tadzhikistan-i-bashkortostan-obsudili-jeksportnye-proekty.html