02.07.22

Тажикстанга Өзбекстандын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү келишти. Алар Тажикстандын Хатлон жана Согди облустарынын жергиликтүү бийлик башчылары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү.

Өзбекстандык ишкерлер облустун айыл чарба жана текстиль тармагына инвестиция салуу ниетин билдиришти. Бул тууралуу, Согди облусунун администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандык ишкерлер, Гафуров районунда жайгашкан “Темуржон” дыйкан чарбасына заманбап күнөскана курууга 1 миллион доллардан ашык инвестиция салмакчы. Чарбанын аянты 5 гектарга жакын жерди түзөт.

Мындан тышкары, Өзбекстандын текстиль тармагынын алдыңкы өндүрүүчүлөрү, Тажикстандын текстиль тармагынын ишканалары менен таанышып чыгышты.  “Узтекстильпром” компаниясынын өкүлдөрүнөн турган  делегация, пахта өстүрүү боюнча тиешелүү чарбалык субъектилерди жана дыйкан чарбаларды кыдырышты.

Жакынкы убакта, Тажикстан менен кызматташуу үчүн текстиль тармагы боюнча сунуш иштелип чыгат. Анын негизинде, өлкөдө биргелешкен ишканаларды түзүү жана Өзбекстандын инвестициясынын эсебинен республиканын өндүрүштүк кубаттуулугун кеңейтүү пландалууда.

https://centralasia.news/16031-uzbekskie-biznesmeny-investirujut-v-agrarnyj-i-tekstilnyj-sektora-tadzhikistana.html