07.09.22

Тажикстандын Хатлон облусунун Соода-өнөр жай палатасы жана Түркиянын Конья шаарынын Соода-өнөр жай палатасы,   ошондой эле “Дангара” эркин экономикалык аймагы, “Билишим Вадиси” технопаркы кызматташуу боюнча меморандумдарга 6-сентябрь күнү кол коюшту.   Бул тууралуу, “Ховар” маалымат агенттиги билдирди.

Маалым болгондой кол коюу иш чарасы, Түркиянын Конья шаарынан келген бизнес делегациянын Тажикстандын  Дангара районуна болгон иш сапарынын алкагында  болду.

“Дангара” эркин экономикалык аймагында, эки өлкөнүн компанияларынын өкүлдөрү жана инвестициялар жана мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетинин жана Хатлон облусунун акимчилигинин жетекчилиги катышкан ишкерлеринин форуму “В2В” форматындагы иштиктүү жолугушууларды өткөрүштү.

Түркиялык делегация, Тажикстанга экономикалык жана соода тармагындагы кызматташтыкты чыңдоонун жаңы жолдорун издөө үчүн барган.

Эскерте кетсек, Түркиядан келген делегация 5-сентябрь күнү, Тажикстандын Өнөр жай жана жаңы технологиялар министри Шерали Кабир жана Тажикстандын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлдөрү менен жолугушуулар болду.

Иш сапардын программасына ылайык, делегация эки өлкөнүн ишканаларынын өкүлдөрүнүн катышуусунда, Куляб шаарында жана Дангара районунда өлкөнүн өнөр жай ишканаларына жана эркин экономикалык аймактарында иштиктүү көрүшмөлөрдү өткөрүштү.

https://centralasia.news/16994-tadzhikskie-i-tureckie-predprinimateli-podpisali-dokument-o-sotrudnichestve.html