CA-NEWS (TJ) – Тажикстан Катардык инвесторлорду өлкөдө туризмди өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Тажикстанда туризм мүмкүнчүлүктөрү 29-30-апрелде Катардын борбору - Дохада "Тажикстанда туристтик мүмкүнчүлүктөрү" форумунун алкагында Катар министрликтеринин жана мекемелердин өкүлдөрүнө, туристтик компаниялардын башчыларына жана инвесторлорго таанытылды. Бул тууралуу Тажикстан Республикасынын Туризмди өнүктүрүү боюнча комитети билдирди.

Форум Катардагы Тажик элчилиги менен биргеликте, Тажикстан Футбол федерациясынын Президенти Рустам Эмомали жана Туризмди өнүктүрүү комитетинин колдоосу менен өттү. Аталга иш-чара Тажикстанда жарыяланган “Туризм жана кол өнөрчүлүктү өнүктүрүү” жылына арналды.

Маалыматка ылайык, Катар инвесторлору Тажикстандагы экологиялык, ден-соолукту чыңдоочу, тоо жана маданий туризмге кызыкдар экендиги белгиленди.

"Жолугушууда өлкөнүн туризм тармагын өнүктүрүүгө каражат тартуу, туристтик тейлөө сапатын жакшыртуу үчүн окутууну уюштуруу маселелери талкууланды", - деп Туризмди өнүктүрүү боюнча комитети билдирди.

Форумдун жана эки тараптуу жолугушуулардын жыйынтыгында үстүбүздөгү жылы Тажикстан жана Катардын туристтик жана ишкерлер чөйрөсүнүн форумун уюштуруу боюнча чечим кабыл алынды. Ошондой эле, Тажикстандагы ресторан жана мейманкана кызматкерлеринен турган топторду окутуу курстарынан өтүү үчүн Дохага жиберүү боюнча келишимге жетишилди.