CA-NEWS (TJ) – Тажикстан жана Өзбекстан ортосундагы товар жүгүртүү үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде өткөн жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу эки эсеге көбөйдү, деп билдирди Тажикстан Республикасынын экономика министрлиги.

Статистикалык маалыматтарга ылайык эки өлкөнүн арасындагы товар жүгүртүүнүн көлөмү үстүбүздөгү жылдын биринчи чейрегинде 41,5 млн. долларын түздү, бул 2017-жылдын январь-март айларындагы көрсөткүчтөн 1,8 эсе көп.

Мындын сырткары, экспорттолгон тажик товарларынын катарына кабель, килем, курулуш материалдары, көмүр жана башкалар кирет. Ошол эле учурда өзбек ишканалары Тажикстанды ташуучу транспорт жана бөлүктөрү, айыл-чарба азыктары жана башкалар менен камсыздайт.

Буга чейин үстүбүздөгү жылда Тажикстандын Өзбекстанга 1,5 млрд. кВт/с өлчөмүндө электр энергиясын экспортоону пландап жаткандыгы билдирилген.

Статистикалык маалыматтарга караганда Тажикстан жана Өзбекстан ортосундагы товар жүгүртүү көлөмү 2017-жылы 126 млн. доллардан ашты. Өзбекстанга экспорттун көлөмү 57 млн долларды түздү, башкача айтканда жалпы товар жүгүртүүнүн 45 пайызы. Ал эми импорттун көрсөткүчү 69 млн. долларды түздү, же болбосо жалпы көлөмдүн 55 пайызы.

Өлкөлөр жакын арада эки тараптуу товар алмашуунун көлөмүн 1 млрд. долларга чыгарууну пландап жатышат.