CA-NEWS (TJ) – Маданият жана туризм аймактык  “Кош келиңиздер Хатлонго” аттуу фестиваль ушул жылдын 12-13 май айында Хатлон облусунда, Тажикистандын түштүгүндө болуп өткөндүгүн, Авеста билдирет.

Тажикстан өкмөтүнө караштуу Туризм өнүктүрүү боюнча Комитети билдиргендей, Рустам Эмомалинин Футбол Федерация башчысынын колдоосу менен Туризмди өнүктүрүү боюнча Комитети фестивалдын демилгечиси болду.

Бахтар шаарындагы фестивалдын жүрүшүндө, Хатлон облусунун административдик борборунда “ Туризмди өнүктүрүү- улуттук экономиканын өнүгүшү үчүн түрткү” аттуу жыйын болду.

Фестивалдын программасына ылайык, катышуучулар жана коноктор маданий жана тарыхый баалуулуктарды тартылоочу жерлерге, ошондой эле туристтик объект болгон Нурек шаарына, Дангара районундагы “Хуррамшахр” чайханасына, Вос районундагы “Хулбук” чебине жана башка объектилерге барышты.

Тажикстандын Туризм өнүктүрүү боюнча Комитетинин башчысы Нуъмон Абдугаффорзода: “Жакын арада Тажикстан туризм өлкөсүнө айланат”- деп өз ишенимин билдирди. Н.Абдугаффорзода аймактагы кең туриттик дараметин куруу үчүн Хатлонго туристтик компанияларды түзүү зарылдыгын белгиледи.

Ушуга окшогон фестивалдарды Тоолуу-Бадахшан автономдук облусуна, Согди облусуна, Рашт өрөөнүнө “Дүйнөнүн үстүнөн салам” аты менен, “Кош келиңиздер Согдиге” жана “Кош келиңиздер Рашт өрөөнүнө” аттуу аталыштар менен өткөрүү пландалууда.