CA-NEWS (TJ)- Тажикстанда үстүбүздөгү жылдын алгачкы 4 айында 268 миң тонна көмүр казылып алынды. Тажикстан Республикасынын өнөржай жана жаңы технология министрлигинин билдирүүсүнө караганда 2018-жылы өнөр жай ишканаларынын көмүргө болгон муктаждыгы 920 миң тонна, бюджеттик уюмдар-57,2 миң тонна, “Душанбе-2” ПМКсы – 1 млн. 245 миң тоннаны түзөт.

Жогоруда айтылган көлөм 2017-2018 жылытуу сезонунун калдыктарын да камтыйт.

Келерки жылытуу сезонунун графиги кошумча 1,1 млн тоннаны түздү жана азыркы учурда ишке ашырылып жатат.

Өнөр жай министрлигинин алдын ала маалыматтары боюнча бул жылдын 1 майына чейин 268 миң тонна көмүр казылып алынды, бул 2017-жылдын ушул эле жылга салыштырганда караганда 28 миң тоннага көп.

Тажикстанда көмүр казуунун көлөмү жыл сайын өсүүдө.  Мисалы 2014-жылы 870 миң тонна болгон болсо, 2015-жылы 1 млн. тоннадан ашкан, ал эми 2016-2017-жылдары 1,5 млн. жана  1,7 млн.тонна казылып алынган.

Тажикстан эгемендүүлүгүн алганга чейин өлкөдө 309 миң тоннага чейин көмүр казылып алынчу. Өнөр жай министрлигинин  маалыматы боюнча азыркы учурда көмүр 200дөн ашуун ишканада отун катары колдонулат.

Авеста билдирүүсүнө караганда 2018-жылы Тажикстандын ички социалдык-экономикалык тармактарынын көмүргө болгон муктажждыгы 2 млн. тоннага бааланган.