5- сентябрь күнү Таджикистан президенти Эмомали Рахмон жана Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали шаардын 82 микро районунда көпүрөнүн ачылыш салтанатына катышты.

Эстокада “Регионалдык Душанбе-Турсунзаде жолдоруна тиешелүү болгон, Сино проспектисинен Душанбенин батыш дарбазасына чейинки жолдордун абалын оңдоо” аттуу долбоордун алкагында курулгандыгын президенттин пресс кызматы билдирди.   Курулуш иштери 2016 жылдын 22 июльунда башталган жана Таджикистан Республикасынын  эгемендүүлүгүнүн  27 жылдыгынын урматына пайдаланууга берилди. Жаңы курулган көпүрө үч каттан турат. Эстакаданын экинчи кабатында айланып  өтмө өткөөлдөрү курулуп керектүү знактар коюлган. Көпүрөнүн батыштан чыгышка карай узундугу 125 метрди түзөт. Ал эми туурасы болсо 24.8 метрге жетет.