18.07.19.

Тажикстан жана Ооганстан эки өлкөнү бириктире турган темир жол куруу тууралуу макулдашууга жетишишти. Темир жолдун бир бөлүгү, Түркмөнстандын аймагы аркылуу да өтмөкчү.

15.07.19.
Түркия Тажикстандын экономикасына түз инвестицияларды  салуу боюнча, Кытайдан кийинки  экинчи орунду ээледи.

05.07.19.

Индия өкмөтү баасы $ 46,5 млн. долларды түзгөн жол тилкесин, Душанбе шаарынын  аймагына куруп бермей болду.

Үстүбүздөгү жылдын алгачкы төрт айында Тажикстандын ИДПсынын көлөмү 17,9 млрд. сомониге (дагы $ 1,8 млрд расмий алмашуу курсу боюнча) жеткен.

18-майда Душанбеде Тажикстандын төрагалыгы астында “Борбордук Азия+Япония” диалогунун тышкы иштер министрлеринин жетинчи жыйналышы болуп өттү.

05.13.2019.

Регионалдык CASA-1000 долбоорунун тажик бөлүгүн  ишке ашыруу 2021-жылдын аягына чейин бүтөт.

Тажикстан өкмөтүнүн төрагасынын биринчи орун басары,  Давлатали Саид, Азия Өнүгүү Банкынын президенти Такехико Накао менен 2019 жылдын 1-5 май күндөрү Фиджи аралында өтүп жаткан Азия Өнүгүү Банкынын. 52-жылдык жыйынынын алкагында  сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

02.05.2019.

Тажикстан коңшу өлкөлөргө суткасына 11 млн. кВт/с электр энергиясын экспорттоодо.

28.04.19.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон Кытай Элдик Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Жолугушуу Пекинде өткөн "Бир алкак - Бир жол" жогорку даражадагы экинчи  эл аралык кызматташуу боюнча форум алкагында  өттү.

17-апрелде Кремлде, Орусия президенти Владимир Путин менен  Москвага расмий иш сапары менен келген, Тажикстан башчысы Эмомали Рахмон ортосунда сүйлөшүүлөрү болуп өттү.