23.01.20

22-январда Түркиянын Караман шаарында өткөн бул форумга Кыргызстандын жана Түркиянын ишкерлери жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү катышты.

Быйыл экинчи ирет уюштурулуп жаткан бул иш-чарада, эки өлкө ортосунда соода келишимдери, Түркиядагы кыргызстандыктардын абалы жана кыргызстандык студенттердин квотасы сүйлөшүлдү. Ишкерлер өзгөчө энергетика, айыл чарба жана билим берүү тармактары боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү.

Кыргызстан менен Түркиянын мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүүнү көздөй турганын, президент Сооронбай Жээнбеков 2019-жылы сентябрь айында кыргыз-түрк ишкерлеринин Бишкектеги форумунда билдирген болучу.

Эскерете кетсек, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү учурда 400 миллион долларды түзөт. 2018-жылы Түркиядан 93 миллион доллар инвестиция келген.

https://www.azattyk.org/a/30392350.html