08.02.20

2019-жылы Түркиянын 180.5 млрд долларлык өлчөмүндө рекорд койгон  экспорттук ийгилигине, эң чоң салымын кошкон Кожаэли шаары болгон.

Түркия Экспортчулар Ассамблеясынын (TIM)  маалыматтарына ылайык,  ѳткѳн айда экспорт боюнча Кожаэли шаары Стамбулдан кийинки орунду ээлеген. Шаардын тышка болгон товар сатуусу январь айында 1 млрд  300 млн 889 миң долларга жеткен. Ѳткѳн жылдын январь айынын экспорту болсо, 1млрд 312 млн 543 миң долларын түзгѳн эле.

2020-жылдын биринчи айында шаардын экспортунун тѳрттѳн үч бѳлүгү автоунаа жана химиялык тармактарда иштеп келген фирмалар тарабынан ишке ашырылган.

“Ford Otosan”, “Hyndai”, “Assan” жана “Anadolu Izusu” сыяктуу негизги ѳнѳр жай ѳндүрүүчү фирмалары жайгашкан шаарда, ѳткѳн айда ишке ашырылган автоунаа экспорту 549 млн 349 миң долларын түздү. Экинчи орунда химиялык ѳнѳр жайынын экспорту 430 млн 359 миң долларды түздү.

Темир жана түстүү металлдар тармагынын экспорту 72 млн 549 миң доллары менен үчүнчү орунду ээлеген болсо, төртүнчү орунда болот сатуудан 59 млн 12 миң доллар келип түшкөн. Ал эми, электр жана электрондук буюмдардан 56 млн 818 миң доллар,  автоунаа тетиктерин сатуудан 41 млн 688 миң доллар  пайда көрүлгөн.

https://www.aa.com.tr/tr/ekonomi/sanayi-kenti-kocaeli-yeni-yila-1-3-milyar-dolarlik-ihracatla-basladi/1727968