17.02.20

Өзбекстанда Түркиянын "Гебзе" аттуу өнөр жай зонасынын бөлүмү ачылышы мүмкүн. Бул тууралуу, Түркиянын вице-президенти Суат Октай жана Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умурзаковдун Анкарада болуп өткөн  жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар транспорт жана жүк ташуу тармагында байланышты чыңдоо жана Түркия өкмөтү тарабынан техникалык жардамдар жана жеңилдетилген насыя берүү программаларынын алкагында кызматташууну өнүктүрүү маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Өзбекстан менен Түркиянын ортосундагы преференциалык соода тууралуу макулдашууга кол коюу иш чараларын тездетүү, аталган макулдашууга сунушталган товарлардын түрлөрүнүн санын көбөйтүү маселелерин талкуулашты.

Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министрилиги тараткан маалыматта: "Бул иш чаралар эки өлкөнүн президенттеринин, Түркия жана Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүүнү 5 миллиард долларга чейин жеткирүү боюнча тапшырмасын аткаруунун негизги кадамы болуп эсептелет", – деп айтылат билдирүүсүндө.

http://kant.kg/2020-02-18/turcziya-mozhet-otkryt-filial-osoboj-promyshlennoj-zony-v-uzbekistane/