21.02.20

Түркиянын Анкара өнөр жай палатасы (ASO), Тышкы экономикалык мамилелер кеңеши (DEİK) жана Тажикстан Республикасынын элчилиги биргеликте, Анкарынын ишкелери үчүн уюштурган "Тажикстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү” аттуу жыйыны болуп өттү.

Анкара өнөр жай палатасынын (ASO) маалыматына ылайык, жолугушууга Анкара өнөр жай палатасынын (ASO) президенти Нуреттин Оздебир, Тажикстандын элчиси Махмадали Раджабион, элчинин орун басары Парвиз Содики, Анкара өнөр жай палатасынын (ASO) директорлор кеңешинин мүчөсү Айтач Динчер, Түркия-Тажикстан бизнес-кеңешинин (DEİK/) төрагасы Джихангир Саатчиоглу жана көптөгөн ишкерлер катышты.

Жолугушуу учурунда сөз алган, Анкара өнөр жай палатасынын төрагасы (ASO) Нуреттин Оздебир эки өлкөнүн ортосундагы сооданын көлөмү жетишсиз экендигин билдирип, Түркия тарап бул сооданы көбөйтүү үчүн кызматташууга даяр экендигин билдирди. Ал эки өлкө дос жана бир тууган экендигин белгилеп келип: "Тажикстан алыс жайгашкан өлкө болсо да, ал биздин жүрөгүбүздө. Тажикстанды расмий түрдө тааныган биринчи өлкө Түркия болуп саналат. Биз тыгыз мамиледе болгонубузга карабастан,  тилекке каршы, ишкердик байланышыбызды жакшырта алган жокпуз. 400 миллион долларга бааланган соода көлөмү өтө аздык кылат. Тажикистан менен болгон сооданы көбөйтүү жана өлкөнүн өнүгүшүнө салым кошуу бизнес коомчулугунун милдети болуп саналат. Тажикстан көп нерсеге муктаж. Биз, Анкара өнөр жай палатасы катары (ASO), Тажикстан менен болгон соода-сатыкты өнүктүрүү үчүн бардык мүмкүн болгон аракеттерди жасоого даярбыз” -деп белгилеп өттү.

Тажикстан Республикасынын элчиси Махмадали Раджабион Түркия Тажикстандын эл аралык аренадагы маанилүү өнөктөшү болуп саналарын билдирди.

Эки өлкө ортосунда саясий, экономика, өнөр жай, билим берүү, медицина, маданият тармактарында кызматташуу уланаарын белгилеген Махмадали Раджабион: "Акыркы жылдары, биздин өлкөлөр ортосундагы мамилелерди өнүктүрүүдө өсүш байкалууда. Түркия президенти Реджеп Тайип Эрдогандын Тажикстанга зыярат кылуусу, өткөн жылы Тажикстандын  Тышкы иштер министринин Түркияга расмий визит менен келип кетиши, эки өлкө ортосундагы жагымдуу байланыш түзүүнү жана кызматташууну өнүктүрүүгө түрткү болду"- деп белгилеп өттү.

Элчи мырза, Түркиянын  өнөр жай жана айыл чарба тармагындагы тажрыйбасын пайдалануу зарыл экенин белгилеп келип: "Биз Түркия менен биргеликте алтын, асыл таштар, алюминий, пахта, тери иштетүү, айыл чарба, килем тигүү жана башка тармактарда биргелешкен заводдорду иштетүүнү каалайбыз. Мындан тышкары, Тажикстан өлкөсүнүн төрт негизги стратегиялык секторлорунун бири болгон, энергетика тармагында көз карандысыздыка жетишүү, эл аралык соода жолдоруна чыгуу үчүн транспорт көйгөйлөрүн чечүү, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана индустриализация сыяктуу маселелерди чечүүдө түрк ишкерлеринен инвестицияларды күтөбүз", - деп  билдирди.

https://tr.sputniknews.com/columnists/202002211041447096-tacikistan-turk-yatirimcilari-bekliyor/