04.03.20

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси  Кубанычбек Өмүралиев, Мерсин шаарынын губернатору Али Ихсан Су мырза,  Мерсин шаарынын мэри Вахап Сечер мырза жана жергиликтүү иш адамдары менен жолугушуу учурунда, Кыргызстанда жаңы өндүрүш аянтчаларын ачууну сунуштады.

Элчи мырзанын айтымында, Кыргызстан менен Түркиянын Мерсин шаарынын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыгын мындан ары дагы өнүктүрүү зарылдыгы бар. Азыркы учурда, Мерсин шаарынын Кыргызстан менен соода жүгүртүүсүнүн көлөмү $8 миллион долларды түзөт. Ошондой эле Кубанычбек Өмүралиев, Мерсин шаары менен Кыргызстандын шаарларынын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты орнотууга кызыкдар экендигин белгилеп өттү.

Кыргызстандын элчиси жолугушуу учурунда, Түркиянын иш адамдарына Кыргызстандагы инвестициялык климат жана мүмкүнчүлүктөрү, бизнес жүргүзүүнүн шарттары, макроэкономикалык көрсөткүчтөрү, тышкы соода жүгүртүүсү, инвестициялык долбоорлор жөнүндө кеңири маалыматтарды берди. Көрүшмө учурунда, Кыргызстандын Талас облусунда өндүрүлгөн төө буурчакты Түркияга импорттоо, насыя берүү, маселелери талкууланды.

 

https://www.tazabek.kg/news:1600827?from=tazabek&place=last-list