Дүйнѳ жүзүндѳ тез таралып жаткан жаңы илдеттин түрү коронавирустун таралышы менен  дүйнѳлүк экономикага таасирин тийгизип жаткан учурда, Түркия январь жана февраль айларында товар экспортоодо артыкчылыктарды кѳрсѳтүүдѳ.

Түркиянын жалпы экпорттунун көлөмү 2020-жылдын алгачкы эки айында 29,4 миллиард долларды түздү. Түркиялык фирмалар 2020-жылдын алгачкы эки айында зайтун, болот, тигүүчүлүк, тоо-кен,  химиялык заттарды өндүрүү бардыгы болуп 27 тармак боюнча өткөн жылга салыштырмалуу экпорттун көлөмү арткандыгы байкалган.

Түркиянын экпортунун алдыңкы тармагы  болгон унаа ѳнѳр жайы январь жана февраль айларында жалпысынан 4,9 миллиард долларга бааланган продукция сатууга жетишкен. Башкача айтканда, ѳлкѳнүн жалпы экспортунун 17 пайызын түзгөн.

Химиялык керектүү заттарды сатуудан 3,2 миллиард доллар, кийим-кечек сатуудан 3 миллиард доллар, болот сатуудан 2,1 миллиард доллар жана электроникалык техникаларды сатуудан 1,7 миллиард доллар пайда түшкөн. Жалпы баардыгы болуп 15 миллиард доллар кирешеси менен Түркиянын жалпы тышкы сооданын 51 пайызын түзгөн.

https://www.aa.com.tr/tr/ekonomi/turkiyenin-ihracati-yilin-ilk-iki-ayinda-21-sektorde-artti/1757748