12.11.21

Кыргызcтандын президенти Садыр Жапаров 12-ноябрь күнү, Түркиянын Стамбул шаарында Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын мүчө мамлекеттер кеңешинин  катчылыгынын (ТМКК) жаңы штаб-квартирасынын ачылышында Кыргызстандын туусун көтөрүү аземине катышты.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан маалымдашты. Салтанаттуу иш-чарага Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Түркмөнстанстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан жана Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын мүчө мамлекеттер кеңешинин (ТМКК) Башкы катчысы Багдад Амреевдин катышуусунда болуп өттү.

Мамлекет башчылары бир учурда өздөрүнүн улуттук тууларын көтөрүп, андан кийин Түрк тилдүү мамлекеттер кызматташтыгынын мүчө мамлекеттер кеңешинин (ТМКК) Катчылыгынын штаб-квартирасынын жаңы имаратынын алдында лента кесишти.

Биргелешип сүрөткө түшкөн соң, Түрк кеңеши өлкөлөрүнүн лидерлери бейформал жагдайда баарлашуу үчүн жаңы штаб-квартирасынын имаратына киришти.

http://kg.kabar.kg/news/stambulda-tmkk-katchylygynyn-zha-y-shtab-kvartirasynyn-achylyshynda-kyrgyzstandyn-tuusu-k-t-r-ld/