12.11.21

Президент Режеп Тайип Эрдоган Түрк кеңешинин 8-саммитинен кийинки маалымат жыйынында сөз сүйлөдү. Президент  маалымат жыйынында төмөндөгүлөргө токтолуп өттү;

Кеңешибиздин ысымы мындан кийин “Түрк мамлекеттеринин уюму” болуп аталат. Биз бүгүн саммитибизди өлкөбүздүн тарыхында маанилүү орунду ээлеген “Яссыада” (Yassıada) деп аталган демократия жана эркиндиктин аралында өткөрдүк. Улутубуздун азап жана оор күндөр менен эсинде калган мыйзамсыздык мезгилин “Яссыада” деп атаган. Биздин арал мындан ары эл аралык жолугушуулардын чордону болот деп ишенем.

 Азербайжандын жеңиши бүт түрк дүйнөсүн сыймыктандырды

Аптанын башында биз Карабах жерлеринин бошотулушунун бир жылдыгын эскердик. Өзүмдүн жана улутумдун атынан Азербайжандагы бардык боордошторумду, өзгөчө президент Алиевди куттуктайм. Азербайжандын жеңиши бүт түрк дүйнөсүн сыймыктандырды. Саммиттеги жолугушуубузда, Карабахты бошотууда башында турган Илхам Алиевди  Түрк дүйнөсүнүн Али ордени менен сыйладык. Эпидемия учурунда мүмкүнчүлүктөрүбүздү бөлүшүү менен түрк дүйнөсү катары бир жана бирге экенибизди дагы бир жолу көрсөттүк. Түрк мамлекеттеринин уюму катары байкоочу мүчөбүз Венгрия менен бирге коронавирус эпидемиясына каршы күрөшүбүз дагы бир ийгиликтин тарыхы болуп калды. Биз бүгүн кабыл алган Стамбул декларациясы менен саясий тилектештигибизди жана экономикалык кызматташтыгыбызды мындан ары да өнүктүрүүгө чечкиндүүлүгүбүздү ырастадык.

Күн чыгыштан кайра күн чыга турган убак келет деп ишенем

Жаңы атыбыз жана түзүмүбүз менен Түрк мамлекеттеринин уюму менен биз мындан ары өзгөчө өжөрлүк менен тамыр жаябыз, өсөбүз, өнүгөбүз жана гүлдөйбүз. Буюрса, күн чыгыштан кайра күн чыга баштаган убак келет. Уюмубуздун катчылыгына тарыхый “Ариф паша” сарайын имарат катары бөлүп берүү аземинин  расмий ачылышын бүгүн өлкөлөрүбүздүн желектерин көтөрүү менен өткөрдүк. Тынчтыкка жана ырааттуулукка салым кошкон, глобалдык маселелердин чечилишинде алдыңкы ролду ойногон түрк дүйнөсү болушун максат кылабыз.

Түрк дүйнөсүнүн 2040-көз карашы документин да кабыл алдык

Биз президенттик мөөнөтүбүздө жашыл өнүгүү тармагына артыкчылык беребиз. Аксакалыбыз катары Бинали Йылдырым мырзага бул багытта иштеп берүүсүн сунуш кылдык, ал сунушубузду кабыл алды. Саммиттеги жолугушуубузда уюмубуздун келечегин көрсөткөн, Түрк дүйнөсү 2040-көз карашы документин дагы кабыл алдык. Түрк мамлекеттеринин уюму эч кимдин тынчын албаган, байыркы тарыхка жана адамдык мамилелерге таянган өзгөчө түзүмдүн бир бөлүгү болуусуна аракет кылышы керек. Түрк кеңеши катары Африкага 2,5 миллион доза вакцина беребиз. Мунун 2 миллионун Түркия катары беребиз.

https://www.trthaber.com/haber/gundem/cumhurbaskani-erdogan-konseyimizin-adi-artik-turk-devletleri-teskilatidir-625584.html