23.11.22

Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын (парламент) төрагасы Мустафа Шентоп, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушун колдоорун билдирип, долбоордун ишке ашырылышы байыркы Жибек жолунун кайра жанданышына салым кошоорун белгиледи.

Темир жолдун курулушун колдоорун Түркия парламентинин төрагасы Кыргызстандын парламент мүчөлөрүнөн турган делегациянын Түркияга расмий сапарынын алкагында, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен болгон жолугушууда билдирди.

Акыркы сүйлөшүүлөрдө тараптар эки өлкөнүн ортосундагы саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарын чыңдоо, ошондой эле парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү аспектилерин талкуулашты.

Кыргызстандын парламентинин төрөгасы Нурланбек Шакиев: “Түркия Кыргызстандын эң ири соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири жана Кыргызстандын тышкы соода түзүмүндө өзгөчө орунду ээлейт. Эки тараптуу соода жыл сайын өсүүдө. Биз бул темпти жогорулатып, сооданын көлөмүн 1 миллиард долларга жеткиришибиз керек”, - деп белгилеп өттү. Ал ошондой эле “Кыргыз-Түрк өнүктүрүү фондун” түзүүнү тездетүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде, Мустафа Шентоп өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин чыңдалышын жана эл аралык деңгээлдеги колдоо боло тургандыгын билдирип өттү. Ошону менен бирге “ТүркПАнын”  алкагындагы байланыштарды кеңейтүү жана эки тараптуу жумушчу сапарларды активдештирүү маселелерин белгиледи.

https://economist.kg/novosti/2022/11/23/spiker-parlamenta-turcii-podderzhal-stroitelstvo-zheleznoj-dorogi-kitaj-kyrgyzstan-uzbekistan/