26.11.22

Транскаспий эл аралык Чыгыш-Батыш коридору (Орто коридор) аркылуу өткөн жүктөрдүн көлөмү быйыл былтыркыга караганда алты эсеге көбөйөт. Бул тууралуу, “Anadolu” агенттиги Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу тышкы иштер жана транспорт министрлеринин үч тараптуу жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүнө таянуу менен жазып чыкты. Көрүшмө жума күнү Казакстандын Актау шаарында болуп өттү.

Орто коридор Түркиядан башталып, Кавказ аймагы аркылуу Каспий деңизин кесип өтүп Орто Азия аркылуу Кытайга чейин жеткен, байыркы Жибек Жолун кайра жандандыруу аракеттеринин эң маанилүү компоненттеринин бири болуп саналат.

Австрия, Дания жана Финляндиянын транспорт фирмаларынын “Орто коридорду” барган сайын көбүрөөк колдонуп жатканын белгилеген Мевлүт Чавушоглу: “Биз өзүбүздүн потенциалыбызды товар  ташуудагы жана соодадагы тоскоолдуктарды жоюу менен ишке ашыра алабыз”,-деп белгилеп өттү.

Энергия булактарын жана жолдорун диверсификациялоонун маанилүүлүгүн баса белгилеген жогорку даражалуу Түркиянын дипломаты, Каспий газын Европага ташууда Азербайжан менен кызматташуу бар экендигин жана Азербайжан, Казакстан жана Түркмөнстан мунайын Каспий бассейнинен “Баку-Тбилиси-Жейхан” кууру аркылуу 16 жылдан бери ташылып келгендигин белгилеп өттү.

Үстүбүздөгү жылдын октябрь айында, өткөн Түрк мамлекеттеринин транспорт министрлеринин 6-жыйынынын катышуучулары “Чыгыш-Батыш” Транскаспий маршруту боюнча транспорт жана транзит менен байланышкан процесстерди жөнөкөйлөтүү үчүн зарыл чараларды көрүү боюнча аракеттерин улантууга даяр экендиктерин билдиришкен болучу.

https://business.com.tm/ru/post/9491/ozhidaetsya-uvelichenie-obema-gruzov-po-transkaspiiskomu-koridoru-v-shest-raz