16.12.22

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов 2023-жылдын башында Түркияга барат. Бул тууралуу, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган бейшемби күнү Түркмөнстандан кайтып келери менен журналисттерге берген маегинде билдирди.

Режеп Тайып Эрдоган түркмөн газын Европага экспорттоо маселеси, Түркмөнстандын президентинин сапары учурунда чечиле тургандыгына үмүттөнөөрүн кошумчалады. Бул тууралуу “Anadolu” маалымат  агенттиги билдирди.

Режеп Тайып Эрдоган 14-декабрда Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркия мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышкан болучу.

Режеп Тайып Эрдогандын  айтымында, Түркия түркмөн газын Европага жеткирүү жолунда маанилүү борборго айланат жана Россия жана Түркмөнстан газынын Түркия аркылуу Европага жеткирилиши энергетика тармагында абдан маанилүү кадам болот.

Түркмөнстандан газды Каспий деңизи аркылуу экспорттоо боюнча учурда, Баку менен Ашхабаддын ортосунда талкууланууда, деп билдирди Режеп Тайып Эрдоган.

Анын айтымында, Түркмөнстандын “Аваза” улуттук туристтик зонасында өткөн үч тараптуу саммитте Түркия, Азербайжан жана Түркмөнстандын энергетика министрлеринин жолугушуусун уюштуруу чечими кабыл алынып, анда бул жаатта кызматташуунун жолдору кеңири талкууланат.

Режеп Тайып Эрдоган:  “Мен Түркиянын Энергетика министрине Азербайжан жана Түркмөнстандан келген кесиптештер менен болгон талкуунун жыйынтыгы боюнча, бир айдын ичинде жыйынтыкка келүүнү тапшырдым. Бул чечимдердин жыйынтыгында, маселени дагы бир жолу талкуулайбыз. 2023-жылдын башында, Түркмөнстандын президенти Түркияга расмий иш сапары менен барууну пландоодо. Мына ошондо биз бул маселеге чекит коёбуз деп үмүттөнөм”, - деп белгилеп өттү.

Түркиянын президенти, ошондой эле Азербайжан газын “Шах-Дениз” кенинен, Түркияга ташыган “Транс-Анадолу” газ куурунун (ТАNAP) долбоордук кубаттуулугу 32 миллиард куб метрге жеткенин билдирди. Түркиядан Греция аркылуу Европага газ ташыган “Транс Адриатика” кууру  (TAP)  аркылуу ташылган көгүлтүр оттун көлөмү 6 миллиард кубометр чегине жеткенин кошумчалады.

Режеп Тайып Эрдоган: “Ошондуктан кесиптештер жаңы газ куурун куруу зарылдыгын талкуулашат жана диалогдун жыйынтыгы боюнча жаңы кадамдарга барышат”,-деп билдирди.

Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркия президенттеринин үч тараптуу саммитинен кийин, Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу, Түркмөнстан жана Азербайжандык кесиптештери менен биргелешкен маалымат жыйынында, аталган өлкөлөр түркмөн газын башка өлкөлөрдүн базарларына ташуу маселеси боюнча жумушчу топ түзө турганын билдирген болучу.

https://business.com.tm/ru/post/9578/prezident-berdymuhamedov-obsudit-vopros-eksporta-turkmenskogo-gaza-v-turcii