23.12.22

Түркия бир жылдын ичинде, Европага жаратылыш газын жеткирүү үчүн энергетикалык хаб түзүү долбоорун ишке ашырууну көздөп жатат. Бул тууралуу, шаршемби күнү “Daily Sabah” гезити, Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Донмездин билдирүүсүнө шилтеме берип жазып чыктты.

Фатих Донмез Кара деңиз аймагында жайгашкан, Зонгулдак провинциясындагы “Филиос” газ иштетүүчү заводунда журналисттер менен жолугушууда учурунда билдирген болучу.

Фатих Донмез мындай энергетикалык хаб, Россиянын газынан гана эмес булактарды диверсификациялоодон да көз каранды болорун билдирди.

Бул долбоордун үч-беш ай ичинде ишке ашырылышын күтүүгө болбостугун белгилеген Фатих Донмез: “Пландарыбыз бир жылдын ичинде туруктуу базарды түзүү. Балким өткөөл мезгилде туруктуу рынок түзүлгөнгө чейин, биз чектелген рынок менен ишти баштайбыз”-деп белгилеп өттү.

Анын айтымында, Түркиянын, Түркмөнстандын жана Азербайжандын энергетика тармагынын жетекчилери, үч өлкөнүн мамлекет башчыларынын декабрь айында, Түркмөнстанда өткөн саммитинде кабыл алынган чечимдеринин негизинде, жакын арада газды Европага жеткирүү долбоорун талкуулашат.

Түркиянын Энергетика жана жаратылыш ресурстары министри Фатих Донмез:  “Жумушчу топ тез арада, бардык мүмкүн болгон альтернативалык жолдорун талкуулайбыз. Кийин биз  үч министр жолугушуп, кабыл алынган чечимдерге баа беребиз. Анын жыйынтыктарын отчет катары лидерлерибизге өткөрүп беребиз, алар текшерип чыгып акыркы чечимдерин кабыл алышат”, - деп билдирди.

Өткөн аптада, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөнүн энергетика министрине, түркмөн жаратылыш газын Европага экспорттоо боюнча талкуудан кийин бир айдын ичинде жыйынтыкка келүүнү тапшырган. Ал ошондой эле бул маселе Түркмөнстандын президентинин январь айында, Түркияга болгон иш сапарынын алкагында, биротоло чечилиши мүмкүн экенин билдирген болучу.

https://business.com.tm/ru/post/9611/turciya-namerena-realizovat-proekt-energeticheskogo-haba-v-techenie-goda