31.02.23

Түркия Азербайжан газынын Венгрияга ташылып жеткирилүүсүн камсыздайт.

Бул тууралуу, Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу венгриялык кесиптеши Петер Сиярто менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Түркиянын Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу: “Түркия менен Венгриянын мамилеси стратегиялык союздаштык деңгээлине көтөрүлүүдө. Учурда тиешелүү документтердин үстүндө иштеп жатабыз. Кызматташтыгыбыз биринчи кезекте экономикалык тармакты жана коопсуздукту камтыйт”-деп белгилеп өттү.

Мевлүт Чавушоглу Түркиянын Европа өлкөлөрү менен энергетика тармагында кызматташып жатканын белгилеп келип: “Азербайжан газынын Венгрия жана башка өлкөлөргө ташылып жеткирилүүсүн камсыз кылабыз. Бул багытта Азербайжан менен байланыштар уланууда”-деп билдирди.

 

https://report.az/ru/energetika/mevlyut-chavushoglu-turciya-obespechit-transportirovku-azerbajdzhanskogo-gaza-v-vengriyu/