03.05.23

Түркиянын тоолорунда мунай кени табылды, анын өндүрүмдүүлүгү суткасына 100 миң баррелге барабар. Бул тууралуу, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган билдирди. Мунай кени өлкөнүн түштүк-чыгышындагы Жизре шаарына жакын жерде жайгашкан.

Режеп Тайып Эрдоган: «Биз Габар тоолорунда Жизре шаарына жакын жерде суткасына 100 миң баррелге жакын мунай кенин таптык», - деп билдирди. Түркиянын президентинин айтымында, мунай 2,6 километр тереңдикте жатат жана анын запасы ондогон миллиард долларга бааланат. Анын айтымында, учурда кенден өндүрүлгөн чийки  мунай заты, кайра иштетүүчү заводдорго жибериле баштады.

2022-жылдын декабрь айында, Түркиянын президенти ушул эле аймакта Чукурова мунай кени табылганынын билдирген. Анын көлөмү 12 миллиард долларга бааланган 150 миллион баррел мунайдын запасы бар. Жалпысынан Түркияда табылган мунайдын көлөмү 7,5-8,0 миллион баррелге барабар.

https://centralasia.media/news:1914520