14.09.23

Түркиянын Транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Стамбулда болуп өткөн, Түрк мамлекеттеринин мультимодаль, транспорт жана логистика форумуна катышты.

Түрк Мамлекеттери Уюмуна мүчө өлкөлөрүнүн 160 миллион жаш жана динамикалуу калкы жана 1 триллион доллардан ашкан экономикалык кубаттуулугу менен глобалдык держава болуу потенциалына ээ болгон коомчулук экенин баса белгилеп өттү.

Абдулкадир Уралоглу бул чоң потенциалды ишке ашыруу үчүн  кызматташтыктын жана тилектештикти күчтөндүрүү керек экендигин белгилеп келип: “Кыргызстан менен эки тараптуу жана транзиттик жүк ташууларды либералдаштыруу темасында келишимге жеткенибизге  кубанычтамын, башка мүчө мамлекеттер менен дагы тез арада ушундай кадамдарды таштайбыз деген үмүттөмүн”,-деп билдирди.

https://www.aksam.com.tr/ekonomi/turk-devletleriyle-ulasimda-gucbirligi/haber-1399940