01.02.2024

Түркиянын мамлекеттик “BOTAŞ” компаниясы, Түркмөнстандын газын Түркиянын базарына экспорттоого колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.  Бул тууралуу  “BOTAŞ” компаниясынын жетекчилиги Анкарада 2024-жылдын 29-январында “Түркмөнгаз” жана “Түркмөннебит” мамлекеттик концернинин ишканасынын өкүлдөрүнөн турган Түркмөнстандан келген делегация менен жолугушуу учурунда билдирди.

2024-жылдын 30-январь күнү, Түркиянын компаниясынын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушууда түркмөн газын Түркияга жеткирүү маселелерин, ошондой эле кыска  жана узак мөөнөттүү кызматташуу мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн уюштурулган.

“BOTAŞ” компаниясынын  төрагасы жана башкы директору Абдулвахит Фидан, Түркмөнстандын Анкарадагы элчиси Мекан Ишангулыев жана “Түркмөнгаз” жана “Түркмөннебит” мамлекеттик концерндеринин төрагалыгынын орун басарлары менен да жолугушту.

Көрушмөдө “BOTAŞ” компаниясы бул максатка жетүү үчүн ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө даяр экенин билдирип, түркмөн газынын Түркиянын жана дүйнөнүн рыногуна чыгуусун камсыз кылуу үчүн эки мамлекеттик компаниянын ортосундагы үзгүлтүксүз байланыштын маанилүүлүгүн баса белгиледи.

Эскерте кетсек, “BOTAŞ” компаниясы Түркияда жана чет өлкөлөрдө мунай жана газды ташуу жана сатуу менен алектенген, Түркиянын мамлекеттик мунай жана газ компаниясы.

https://business.com.tm/ru/post/11345/botash-gotova-posodeistvovat-v-eksporte-turkmenskogo-gaza-na-tureckii-rynok