15.02.24

Венгрия жана Түркия газ экспорту боюнча жаңы келишимге жетишти. Анын негизинде, Түркия Венгрияга  275 миллион кубо метр жаратылыш газын экспорттойт. Келишим 2024-жылдын экинчи кварталында ишке ашырылып баштайт.

Бул тууралуу, Венгриянын Тышкы иштер жана тышкы экономикалык байланыштар министри Петер Сиярто, Анкарада өткөн Экономикалык кызматташтык боюнча биргелешкен “Венгерия-Түркия” комиссиясынын жыйынында билдирди.

Петер Сиярто: “Жакшы жаңылык, жаратылыш газын сатып алуу боюнча келишим аягына чыкты, ошондуктан биздин “MVM” компаниябыз  Түркиянын “Ботас” компаниясы менен келишим түзө алат. Анын негизинде үстүбүздөгү жылдын экинчи кварталынан баштап, Түркиядан Венгрияга 275 миллион куб метр газы экспорттолуп баштайт. Венгрия Түркия менен түздөн-түз чектеш болбосо дагы, Түркиянын жаратылыш газын экспорттой турган биринчи өлкө болот дегенди билдирет”, - деп белгилеп өттү.  

Ал ошондой эле венгриялык “Мол” жана Түркиянын “TPAO” компаниялары жакында, Түркиянын түштүк-чыгышында ачылган мунай жана газ кендерин биргелешип иштетүүгө даярдыктарды баштаарын билдирди.

https://tass.ru/ekonomika/19995399