19.02.24

Түркия Азербайжан менен соода жүгүртүүнү 15 миллиард долларга жеткирүү үчүн бардык күч-аракетин жумшайт. Бул тууралуу, Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Анкарада Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен биргелешип өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Түркиянын президенти 2023-жылдын аягына чейин, Түркия менен Азербайжандын ортосундагы соода жүгүртүү 7,5 миллиард долларга жеткенин белгиледи. Режеп Тайып Эрдоган: “Биз бул көрсөткүчтү 15 миллиард долларга жеткирүү үчүн кошумча күч-аракет жумшоого чечкиндүүбүз”, - деп белгилеп өттү.

Түркиянын президенти эки өлкөнүн транспорт жана энергетика тармагындагы өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп келип: “Маанилүү чакырыктардын фонунда, биздин өлкөлөр үчүн транспорт жана энергетика тармагындагы потенциалды өнүктүрүү абдан маанилүү. Буга “Баку-Тбилиси-Карс” темир жолу мисал боло алат. Бул жолду мүмкүн болушунча толук пайдалануу маанилүү, ошон үчүн аны модернизациялоо иштерин мүмкүн болушунча тезирээк бүтүрүү керек”, - деп билдирди.

Түркия лидери “Карс-Нахчыван” темир жол долбооруна да көңүл буруп, сентябрь айында Hахчыванга болгон сапарында бул маселени президент Илхам Алиев менен талкуулаганын жана тиешелүү меморандумга кол коюлганын эске салды.

Түркиянын президенти: “Нахчыванга болгон сапарда биз энергетика тармагындагы кызматташуубузду жаңы деңгээлге көтөрө турган “Игдыр-Нахчыван” газ кууру маселесин да талкууладык”, - деп белгилеп өттү. Түркиянын президенти “Трансанадолу” жаратылыш газ куурунун (TANAP) мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүнү артыкчылыктуу багыт деп атады.

https://report.az/ru/biznes/erdogan-turciya-gotova-dovesti-tovarooborot-s-azerbajdzhanom-do-15-mlrd-dollarov/