19.04.24

Түркия менен Болгариянын ортосунда экинчи темир жолдун курулушу Ортолук коридордун потенциалын жогорулатат.

“Report” маалымат агенттиги кабарланандай, бул тууралуу Түркиянын транспорт жана инфраструктура министри Абдулкадир Уралоглу Дүйнөлүк банктын “Орто коридордун соода-логистикалык потенциалын ишке ашыруу” аттуу темада болуп өткөн онлайн көрүшмө учурунда билдирди.

Министр Абдулкадир Уралоглу Болгариянын темир жолунун өсүп келе жаткан потенциалын эске алуу менен Түркия менен Болгария экинчи темир жолду түзүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюшканын баса белгиледи. Анын пайда болушу менен чыгыштан батышка карай жүк ташуу мүмкүнчүлүгү жогорулайт, ошондой эле Орто коридордун темир жол потенциалына да чоң салым кошот.

Түркиянын Тышкы иштер министри “Баку-Тбилиси-Карс” темир жолунун уландысы болгон “Дивриги-Карс” темир жолун реконструкциялоо долбоорунун алкагында, учурдагы темир жол инфраструктурасын модернизациялоо, Чыгыш менен Батыштын ортосундагы байланышты бекемдеп, бул багыттагы өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жогорулатарын белгиледи.

Министр ошондой эле Түркиянын чыгышында, Зангезур коридору долбоорун түрк улуттук темир жол тармагы менен байланыштыра турган жаңы темир жол курула турганын кошумчалады.

Абдулкадир Уралоглу: “Бул жол “Баку-Тбилиси-Карс” темир жол линиясы менен бирге толук түрдө Орто коридорду калыптандырат” – деп белгилеп өттү.

Абдулкадир Уралоглу Чыгыш менен Батыштын ортосунда маанилүү көпүрө болгон Орто коридор, Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү, жада калса Жакынкы Чыгыш өлкөлөрү үчүн экономикалык өсүштүн уникалдуу перспективаларын алып келерин баса белгилеп келип: “Деңизге чыга албаган Борбордук Азия өлкөлөрүнүн ортосунда жүк агымынын көбөйүшүнөн тышкары, алардын дүйнөлүк соодага жетүү түйүндөрү диверсификацияланат. Түркия Орто коридорду өнүктүрүү жана бекемдөө үчүн чечкиндүү бойдон калууда жана аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы соода жана кызматташтыкты жогорулатуу үчүн күч-аракет жумшап жатат”, - деп белгилеп өттү.

https://report.az/ru/infrastruktura/ministr-transporta-turcii-srednij-koridor-sulit-perspektivy-ekonomicheskogo-rosta-dlya-stran-ca-i-kavkaza/